# 34-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүчү каражаттардын топтолуусу жана пайдаланылышын контролдоо

- Документ: [Салыктык эмес кирешелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111820)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111820/edition/1283385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111820/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелер жөнүндө, 34-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-34

---

1. Бюджеттик мекемелердин негизги ишине аудитти жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдар мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүчү каражаттардын топтолуусунун мыйзамдуулугун, алардын максаттуу жана үнөмдүү жумшалуусун, ошондой эле бул каражаттар боюнча эсеп жүргүзүүнүн жана отчет түзүүнүн тууралыгын текшеришет.

Текшерүүнүн жүрүшүндө каражаттарды казыналык ачкан эсептерди кыйгап өтүп пайдаланган фактылар аныкталганда, актыда тийиштүү бюджетке өндүрүлүп алууга тийиш болгон суммалар чагылдырылат.

2. Мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттардын пайдаланылышына текшерүү жүргүзүүдө, текшерүү актысында бул каражаттардын жыл жыйынтыгы боюнча алынган, максатсыз пайдаланылган, ошондой эле каражаттарды казыналык ачкан эсептерди кыйгап өтүү менен пайдаланган фактылар милдеттүү түрдө чагылдырылат.

3. Мыйзамдарды бузуп алынган жана пайдаланылган мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттар тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынууга тийиш.

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-35)
