# 32-берене. Салык кызматынын органдары тарабынан салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлорду жана/же башкы администраторлорду текшерүүнүн материалдарын кароо

- Документ: [Салыктык эмес кирешелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111820)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 16.04.2025 [Закон КР от 16 апреля 2025 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025849)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111820#diff=39322..44244>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111820/edition/1283385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111820/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелер жөнүндө, 32-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-32

---

1. Эгерде салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлор жана башкы администраторлор текшерүү актысы боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрүн же каршы пикирлерин беришпесе, аларды текшерүүнүн материалдары салык кызматынын органдарынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары тарабынан администраторго жана/же башкы администраторго салыктык эмес кирешелер боюнча текшерүү актысы тапшырылган күндөн кийинки 10 күндөн кечиктирбестен каралат.

Ушул бөлүмдө белгиленген мөөнөттөрдө администратор жана/же башкы администратор тарабынан текшерүү актысы боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөр же каршы пикирлер берилген учурда, текшерүүнүн материалдары администратордун жана/же башкы администратордун же алардын өкүлүнүн катышуусунда каралат. Мында текшерүүнүн материалдарын кароо мөөнөтү салык кызматынын органы администратордон жана/же башкы администратордон текшерүүнүн актысы боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрүн же каршы пикирлерин алган күндөн кийинки 10 күндөн кечиктирбестен белгиленет.

2. Салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлорду жана/же башкы администраторлорду текшерүүнүн материалдарын салык кызматынын органдарынын кароо жана кароонун натыйжалары боюнча тийиштүү чечим чыгаруу тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.

3. Салыктык эмес кирешелер боюнча администраторлордун жана/же башкы администраторлордун жетекчилери текшерүүнүн материалдары каралган күндөн тартып 30 күндүн ичинде администратордун жана/же башкы администратордун салык кызматынын органынын текшерүү актысында көрсөтүлгөн бузууларга жол берген кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартат жана маалыматты ыйгарым укуктуу салык органына жиберет.

4. (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 75 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-33)
