# 30-берене. Салык кызматынын органдары тарабынан башкы администраторлорду жана/же администраторлорду текшерүүнү пландоо

- Документ: [Салыктык эмес кирешелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111820)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111820/edition/1283385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111820/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелер жөнүндө, 30-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-30

---

1. Салыктык эмес кирешелердин администраторлорунун жана/же башкы администраторлорунун салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарды сактоосун пландуу текшерүү салык кызматынын органдарынын бири тарабынан, текшерүүлөрдүн планына ылайык, акыркы текшерүү аяктаган күндөн кийинки күндөн тартып 12 ай өткөндөн кийин бир жолудан көп эмес жүзөгө ашырылат.

2. Салыктык эмес кирешелерди текшерүүлөрдүн планы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан өтүп жаткан жылга түзүлүп, текшерилүүгө тийиш болгон администраторлордун жана/же башкы администраторлордун тизмегин камтыйт жана календардык жыл башталганга чейинки 20 жумушчу күндөн кеч эмес мөөнөттө ыйгарым укуктуу салык органынын жетекчиси тарабынан бекитилет.

Администраторлорду жана/же башкы администраторлорду текшерүүлөрдүн планы кызматтык пайдаланылуудагы документ болуп эсептелет жана жарыялоого жатпайт.

3. Администраторлордо жана/же башкы администраторлордо, анын ичинде мурда текшерилгендерде, ушул Кодексте каралган ченемдерди бузган фактылар бар экендигин күбөлөндүргөн документалдуу ырасталган маалыматтар болгондо, текшерүү ушул Кодексте белгиленген мөөнөттөр аяктаганга чейин, пландан тышкаркы текшерүүнүн же кайра текшерүүнүн алкагында жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-31)
