# 28-берене. Отчетторду түзүүнүн жана тапшыруунун тартиби

- Документ: [Салыктык эмес кирешелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111820)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111820#diff=39322..44244>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111820/edition/1283385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111820/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелер жөнүндө, 28-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-28

---

1. Администраторлор салыктык эмес кирешелерди жыйноону жүзөгө ашырат, отчетторду түзөт жана башкы администраторго отчеттук айдан кийинки айдын 10-числосуна чейин берет. Башкы администраторлор жыйынды отчет түзүшөт жана аны отчеттук айдан кийинки айдын 20-числосуна чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.

2. Бюджеттик мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшкөн кирешелер боюнча башкы администраторлор отчеттук айдан кийинки айдын 20-числосуна чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет беришет.

2-2. Ушул Кодекске ылайык салык органдары тарабынан башкарылуучу салыктык эмес кирешелер боюнча отчеттордо же эсептөөлөрдө маалымат жана дайындар жок болгон учурда мындай отчетту түзүү жана берүү талап кылынбайт.

3. Казыналык түшкөн салыктык эмес кирешелер боюнча жыйындыны жүзөгө ашырат жана башкы администраторлор жана администраторлор менен салыштырып текшерүүнү жүргүзөт.

(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-29)
