# 25-берене. Салыктык эмес кирешелер боюнча карызды мажбурлап жоюу

- Документ: [Салыктык эмес кирешелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111820)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111820#diff=39322..44244>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111820/edition/1283385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111820/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелер жөнүндө, 25-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-25

---

1. Эгерде ушул главада башкача каралбаса, ушул Кодекске ылайык салыктык эмес киреше боюнча карыз болгон учурда, администраторлор, башкы администраторлор жана салык кызматынын органдары карыздын суммасынын чегинде, анын карамагындагы мүлктү тескөөгө чектөө салуу жана/же ушул төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен карызды өндүрүп алуу тууралуу доо менен сотко кайрылууга укуктуу.

Сотко кайрылуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипке ылайык жүргүзүлөт. Бул доо үчүнчү тараптан, анын ичинде, дебитордун каражаттарынын эсебинен карызды өндүрүп алууну камтуусу мүмкүн.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн доо арызын берүүдө, администраторлор, башкы администраторлор жана салык кызматынын органдары үчүнчү жакка, анын ичинде дебиторго, карызы бар төлөөчүнүн дарегине акчалай төлөмдөрдү токтотуу жөнүндө чечимди, чечимдин тиркемеси менен жөнөтүүгө укуктуу.

Эгерде соттун чечими чыкканга чейин үчүнчү жак чечимде көрсөтүлгөн талаптарды аткарбаса жана ушул чечимге каршы чыкпаган болсо, андан ушул төлөмгө барабар келген, бирок салыктык эмес киреше боюнча карыздын суммасынан ашык эмес сумма өндүрүлүп алынат. Ушул бөлүктө каралган сумманы өндүрүп алуу соттун чечими менен жүзөгө ашырылат.

3. Төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен карызды өндүрүп алуу жөнүндө доо арызы боюнча иштерди кароо Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

4. Төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен карызды өндүрүп алуу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.

5. Карыз төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен өндүрүп алынган учурда, карызды төлөө боюнча милдеттенме түшкөн суммалардын эсебинен өндүрүп алуу ишке ашырылган жана карыз жоюлган күндөн тартып аткарылды деп эсептелет. Мурда камакка коюлган мүлктү саткан учурда, мүлк камакка коюлган күндөн баштап жана түшкөн суммалар бюджетке которулганга чейин карызды өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн туум кошулбайт.

6. Администратордун, башкы администратордун жана салык кызматы органынын кызмат адамы, ошондой эле алар менен өз ара байланыштагы жактар төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен карызды өндүрүп алуу жөнүндө сот чечимин аткаруу иретинде сатылып жаткан салыктык эмес киреше төлөөчүнүн мүлкүн алууга укугу жок.

Администратордун, башкы администратордун жана салык кызматы органынын кызмат адамы менен өз ара байланыштуу болуп үй-бүлө мыйзамдары менен аныкталуучу алардын жакын туугандары саналат.

7. Эгерде салыктык эмес кирешени төлөө лицензиялык талап болуп саналса жана белгиленген тартип бузулса, анда лицензиялык-уруксат берүүчү система жөнүндө же жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чаралар колдонулат.

8. Ушул Кодекске ылайык салык органдары тарабынан башкарылуучу салыктык эмес кирешелер боюнча карыз Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте өндүрүлөт.

(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-24)  
Кийинки берене: [25-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-25-1)
