# 24-берене. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенмени аткаруу жана карызды жоюу

- Документ: [Салыктык эмес кирешелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111820)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111820/edition/1283385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111820/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелер жөнүндө, 24-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-24

---

1. Салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмени аткаруу датасы болуп төмөнкүлөр саналат:

1) эгерде акча каражаттары бюджетке түшкөн учурда төлөөчүнүн эсебинде төлөмдүк бул тапшырманы толук көлөмдө аткаруу үчүн жетиштүү каражаттар бар болсо, салыктык эмес кирешенин тийиштүү суммасын которууга банкка төлөмдүк тапшырманы берген күн;

2) салыктык эмес кирешенин тийиштүү суммасын которууга банктын төлөмдүк тапшырманы аткарган күнү;

3) салыктык эмес кирешенин тиешелүү суммасын которуу үчүн накталай акча каражаттарын банкка, администраторго же башкы администраторго төлөгөн күн.

2. Салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенме төмөнкү учурларда өз мөөнөтүндө аткарылды деп таанылбайт:

1) ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, эгерде акча каражаттары бюджетке салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө түшпөсө;

2) салыктык эмес кирешенин суммасын которууга төлөмдүк тапшырманы төлөөчү кайра чакыртып алганда;

3) салыктык эмес кирешенин суммасын которууга төлөмдүк тапшырма төлөөчүгө банк тарабынан кайтарылып берилгенде;

4) салыктык эмес кирешенин тийиштүү суммасын которуу үчүн киргизилген накталай акча каражаттарын төлөөчү кайра чакыртып алганда.

3. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенме салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык тийиштүү түрдө аткарылууга тийиш.

4. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенмени аткаруу төлөөчү тарабынан өз алдынча же анын өкүлү тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Акча каражаттарын накталай же накталай эмес түрдө бардык тийиштүү сумманы төлөө эсебине киргизүү салыктык эмес кирешени төлөө боюнча милдеттенмени аткаруу болуп саналат.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-25)
