# 23-берене. Салыктык эмес кирешелер боюнча карыз

- Документ: [Салыктык эмес кирешелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111820)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111820/edition/1283385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111820/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелер жөнүндө, 23-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-23

---

Салыктык эмес кирешелер боюнча карыз болуп төмөнкү учурларда таанылган болуп саналат, эгерде ал:

1) ушул Кодексте белгиленген тартипте салыктык эмес киреше төлөөчүнүн отчеттуулугунун негизинде эсептелсе;

2) салыктык эмес кирешелердин администраторунун, башкы администраторунун же салык кызматынын органынын чечиминин негизинде эсептелип чыгып, аны менен салыктык эмес киреше төлөөчү тааныштырылса жана талашпаса;

3) ушул Кодекске ылайык салыктык эмес кирешенин администраторунун, башкы администраторунун же салык кызматынын органынын чечиминин негизинде эсептелип чыкса жана ал чечимге карата салыктык эмес кирешелер боюнча карыздарды төлөө тууралуу соттун күчүнө кирген чечими бар болсо.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-24)
