# 22-берене. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча доонун эскирүү мөөнөтү

- Документ: [Салыктык эмес кирешелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111820)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 16.04.2025 [Закон КР от 16 апреля 2025 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025849)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111820#diff=50471..57634>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111820/edition/1283385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111820/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелер жөнүндө, 22-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-22

---

1. Салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча доонун эскирүү мөөнөтү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен жөнгө салынат. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйымды, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйымды, сынам жыйымын жана жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдү төлөө боюнча доонун эскирүү мөөнөтү салыктык эмес кирешени төлөөнү караган жагдайлар пайда болгон күндөн же ушул Кодекске ылайык салыктык эмес кирешени төлөө боюнча мезгил аяктагандан тартып 6 жылды түзөт.

2. Салыктык эмес кирешенин ашыкча төлөнгөн суммасын кайтарып берүүнү талап кылуу укугу доонун эскирүү мөөнөтү бүткөнчө сакталат.Доонун эскирүү мөөнөтү аяктагандан кийин салыктык эмес кирешенин жана туумдун ашыкча төлөнгөн суммасы салык төлөөчүнүн/төлөөчүнүн жеке эсебинен бюджеттин пайдасына эсептен чыгарылат.

3. Доонун эскирүү мөөнөтүн токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.

(КР 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 75, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-23)
