# 17-берене. Салыктык эмес кирешелердин башкы администраторлорунун жана алардын кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Салыктык эмес кирешелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111820)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111820/edition/1283385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111820/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелер жөнүндө, 17-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-17

---

1. Башкы администраторлор жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу:

1) ушул Кодексте каралган учурларда салыктык эмес кирешелерди төлөөнү эсепке алууну жана контролдоону жүзөгө ашырууга;

2) салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында табылган бузууларды жоюуну талап кылууга жана көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышын контролдоого;

3) ушул Кодексте каралган негиздер боюнча салыктык эмес кирешелердин төлөнбөгөн суммаларын мажбурлап өндүрүп берүү жөнүндө доо арызын сотторго берүүгө;

4) салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча администраторлордун текшерүүлөрүн жүргүзүүгө.

2. Башкы администраторлор жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) төлөөчүнүн кызыкчылыктарын жана мыйзамдуу укуктарын сактоого;

2) салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого жана төлөөчүлөрдөн анын аткарылышын талап кылууга;

3) төлөөчүлөрдүн салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмелерди аткаруусуна көмөк көрсөтүүгө;

4) салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылыш фактыларын тастыктоочу документтердин 6 жыл аралыгында сакталышын камсыз кылууга;

5) ушул Кодекске ылайык белгиленген тартипте жана мөөнөттө отчетторду түзүүгө жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө;

6) башкарылуучу салыктык эмес кирешелер боюнча эсепке алууга жана отчет жүргүзүүгө;

7) салыктык эмес кирешелердин администраторлору тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатсыз, толук эмес жана кечиктирилип көрсөтүлүшүнө карата төлөөчүлөрдүн даттанууларын кароого;

8) ушул Кодекстин 16-беренесинде каралган салык кызматынын органдарынын талаптарын аткарууга;

9) администраторлор тарабынан салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарды сакташын текшерүүнү жүзөгө ашырууга;

10) жергиликтүү бюджеттерге түшүүчү салыктык эмес кирешелер боюнча отчетторду ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу органына берүүгө.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-18)
