# 154-берене. Жергиликтүү бюджеттердин салыктык эмес кирешелери

- Документ: [Салыктык эмес кирешелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111820)
- Документтеги орду: 56-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-154>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111820/edition/1283385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111820/st-154.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелер жөнүндө, 154-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-154

---

Жергиликтүү бюджеттерге төмөнкүлөр келип түшөт:

1) чарбалык коомдордун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таандык акцияларына (үлүшүнө) чегерилген дивиденддер;

2) муниципалдык ишканалардын пайдасынан чегерүүлөр;

3) муниципалдык менчиктеги объекттердин ижарасынан кирешелер;

4) эгерде ушул Кодекс менен башкасы белгиленбесе, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйым;

5) калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым;

6) мамлекеттик токой фондунун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жайыттарынан тышкары, жайыт жерлерди пайдалануу үчүн жыйым;

7) муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттар;

8) автотранспортту токтотуу жана токтотуучу жай үчүн жыйым;

9) алкоголдук продукцияларды сатуучу субъекттер тарабынан этиль спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү боюнча иштерди жүзөгө ашыруу үчүн жыйымдар;

10) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын ведомстволук мекемелери бузуулар үчүн материалдык жоопкерчилик чараларын колдонушунун натыйжасында алынган каражаттар, анын ичинде айыптар, санкциялар, компенсациялар, сот чечимдери боюнча зыяндын ордун толтуруу суммалары;

11) юридикалык жана жеке жактар тарабынан жергиликтүү бюджеттерге кайтарымсыз жана ыктыярдуу негизде өткөрүлүп берилүүчү каражаттар;

12) муниципалдык менчикте турган мүлктү сатуудан түшкөн кирешелер;

13) жергиликтүү бюджеттен финансылануучу мекемелердин мүлкүн сатуудан түшкөн кирешелер;

14) конфискацияланган мүлктү, белгиленген тартипте муниципалдык менчикке кайтарымсыз негизде өткөн мүлктү сатуудан түшкөн кирешелер;

15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер.

---

Мурунку берене: [153-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-153)  
Кийинки берене: [155-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-155)
