# 150-берене. Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу ченемдеринин өлчөмдөрү жана аларды төлөө тартиби

- Документ: [Салыктык эмес кирешелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111820)
- Документтеги орду: 54-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-150>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111820/edition/1283385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111820/st-150.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелер жөнүндө, 150-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-150

---

1. Айыл чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтуруу наркынын ченемдеринин өлчөмү жана аларды төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2. Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын наркын толтуруу үчүн алынуучу каражаттар жер участоктору берилген жеке жана юридикалык жактар тарабынан, аларга жер участокторуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтер берилгенге чейин, республикалык бюджетке которулат жана төмөнкүлөргө пайдаланылат:

1) жаңы жерлерди өздөштүрүүгө;

2) пайдаланылып жаткан жерлерди мелиорациялоого;

3) жер кыртышынын түшүмдүүлүгүн жогорулатууга;

4) жаңы жерлерди өздөштүрүү жана пайдаланылып жаткан жерлерди мелиорациялоо, алардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча долбоордук-изилдөө иштерин аткарууга.

---

Мурунку берене: [149-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-149)  
Кийинки берене: [151-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-151)
