# 15-берене. Салыктык эмес кирешелерди төлөөчүнүн өкүлүнүн укуктары жана милдеттери

- Документ: [Салыктык эмес кирешелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111820)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 декабря 2019 года № 138 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111986)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111820#diff=1283386..1283387>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111820/edition/1283385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111820/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелер жөнүндө, 15-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-15

---

1. Салыктык эмес кирешелерди төлөөчүнүн өкүлүнүн укуктары жана милдеттери төмөнкүчө аныкталат:

1) ушул Кодекс менен;

2) төлөөчү менен анын өкүлүнүн ортосунда түзүлүүчү жарандык укуктук келишим менен;

3) төлөөчү өзүнүн өкүлүнө берген ишеним кат менен.

2. Салыктык эмес кирешени төлөө боюнча укуктук мамилелерде төлөөчүнүн катышуусу менен байланышкан төлөөчүнүн өкүлүнүн аракети же аракетсиздиги төлөөчүнүн аракети же аракетсиздиги катары таанылат.

3. Мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамы, ошондой эле жашы жете электер жана ишке жөндөмсүз адамдар төлөөчүнүн өкүлү боло албайт.

4. Жеке нотариус нотариалдык аракеттерди жасоодо жана юридикалык мааниси бар документтерди берүүдө төлөөчүнүн мамлекеттик алымды төлөө боюнча өкүлү боло алат.

(КР 2019-жылдын 13-декабрындагы № 138 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-16)
