# 142-берене. Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттар

- Документ: [Салыктык эмес кирешелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111820)
- Документтеги орду: 51-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-142>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111820/edition/1283385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111820/st-142.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелер жөнүндө, 142-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-142

---

1. Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерине ылайык кызмат көрсөтүүлөрдөн киреше түрүндө алынуучу каражаттар кирет.

2. Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүчү каражаттардын ичине төмөнкүлөр кирбейт:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген милдеттүү төлөмдөр;

2) айыптар, туумдар жана башка финансылык санкциялар;

3) укук бузуудан келтирилген зыяндын ордун толтуруу түрүндө түшкөн каражаттар, ошондой эле конфискацияланган товарларды, укук бузуулар жасалган куралдарды жана башка продукцияларды сатуудан алынган каражаттар.

---

Мурунку берене: [141-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-141)  
Кийинки берене: [143-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-143)
