# 140-берене. Мамлекеттик алымды төлөө тартиби

- Документ: [Салыктык эмес кирешелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111820)
- Документтеги орду: 49-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034402)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 марта 2026 года № 29 "О внесении изменения в Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230043702)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.03.2026 [Закон КР от 18 марта 2026 года № 29 "О внесении изменения в Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230043702); 14.11.2025 [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034402) (күчүнө кире элек); 16.10.2025 [Закон КР от 16 октября 2025 года № 222 "О внесении изменения в Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230033295); 13.12.2019 [Закон КР от 13 декабря 2019 года № 138 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111986)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111820#diff=47741..50471>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-140>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111820/edition/1283385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111820/st-140.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелер жөнүндө, 140-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-140

---

1. Мамлекеттик алым Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндө турган финансылык-кредиттик уюмдар жана башка юридикалык жактар аркылуу же Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык алыстан/аралыктан тейлөө системаларын колдонуу менен накталай акча каражаттары менен төлөнүшү мүмкүн. Бардык төлөмдөр улуттук валютада жүргүзүлөт. Мамлекеттик алымды кабыл алуу белгиленген формадагы квитанция же төлөмдү тастыктаган документ берүү аркылуу жүргүзүлөт.

Мамлекеттик алымдын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген эсептик көрсөткүчтүн эселенген өлчөмүндө белгиленет.

2. Эгерде тараптардын бири мыйзам боюнча мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулса, аны экинчи тарап толугу менен төлөп берет.

3. Мамлекеттик алым алымды алуу аракеттери жасалганга чейин же болбосо документтер берилгенге чейин төлөнөт. Сотко кайрылган учурда, мамлекеттик алым доо жана башка арыздарды жана даттанууларды берүү учурунда алынат.

Эгерде сотко арыз же даттануу берген адам талашты медиацияны колдонуу жолу менен чечүү үчүн төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын суммасынын жарымын төлөө мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө өтүнүчтү тиркесе, анда мамлекеттик алымдын суммасынын жарымы төлөнөт. Тараптар медиациялык макулдашууга жетише албаган учурда соттук териштирүүнү улантуу үчүн мамлекеттик алымдын калган бөлүгү төлөнөт. Нотариус тарабынан алынуучу мамлекеттик алым нотариалдык аракеттер жасалган жана юридикалык мааниси бар документтер берилген күнү төлөнөт. (Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 13-декабрындагы № 138, 2025-жылдын 16-октябрындагы № 222, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257, 2026-жылдын 18-мартындагы № 29 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [139-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-139)  
Кийинки берене: [141-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-141)
