# 14-берене. Салыктык эмес кирешени төлөөчүнүн милдеттери

- Документ: [Салыктык эмес кирешелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111820)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111820/edition/1283385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111820/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелер жөнүндө, 14-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-14

---

1. Төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмелерди белгиленген тартипте аткарууга;

2) ушул Кодексте белгиленген учурларда жана тартипте түшүндүрмөлөрдү, маалыматты жана документтерди берүүгө;

3) салыктык эмес кирешени бюджетке чегерүүнү, жыйноону жана төлөөнү контролдоону жүзөгө ашыруу милдети жүктөлгөн жактардын укук бузуулардын кесепеттерин жоюу жөнүндө же укук бузууларды жасоого алып келүүчү аракетти же аракетсиздикти токтотуу жөнүндө мыйзамдуу көрсөтмөсүн аткарууга;

4) ушул Кодекстин негизинде алар кызматтык милдеттерин аткарууда салыктык эмес кирешени бюджетке чегерүүнү, жыйноону жана төлөөгө контролду жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу жактардын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылбоого;

5) жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр жана калктуу конуштардын таштандыларын чыгаруу үчүн алымдар боюнча салыктык эмес кирешенин төлөнгөндүгүн тастыктоочу документтердин 6 жыл аралыгында сакталышын камсыз кылууга;

6) салыктык эмес кирешелер боюнча эсепке алууну жүргүзүүгө жана отчет берүүгө.

2. Төлөөчү салыктык эмес кирешелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар менен белгиленген башка милдеттерди аткарат.

3. Төлөөчү салыктык эмес кирешелерди өз убагында жана толук өлчөмдө төлөөгө милдеттүү. Салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча талаптарды бузган учурда, төлөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

Жоруктардын же кылмыштардын белгилерин камтыган салыктык эмес мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тиешелүү мыйзамдар менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-15)
