# 135-берене. Чегерүүлөрдүн өлчөмү, төлөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү

- Документ: [Салыктык эмес кирешелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111820)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-135>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111820/edition/1283385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111820/st-135.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелер жөнүндө, 135-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-135

---

1. Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жылдык финансы-чарбалык иштердин жыйынтыктары боюнча таза пайдадан чегерүүлөрдү жүргүзөт.

2. Мамлекеттик ишканалардын чегерүүлөрүнүн өлчөмүн аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

3. Муниципалдык ишканалардын чегерүүлөрүнүн өлчөмүн аныктоо тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан аныкталат.

4. Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын пайдасынан чегерүүлөр отчеттук финансылык жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин төлөнүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [134-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-134)  
Кийинки берене: [136-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-136)
