# 13-берене. Салыктык эмес кирешелерди төлөөчүнүн укуктары

- Документ: [Салыктык эмес кирешелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111820)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111820/edition/1283385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111820/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелер жөнүндө, 13-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-13

---

1. Салыктык эмес кирешелерди төлөөчү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) ушул Кодекске ылайык, салыктык эмес кирешелерди бюджетке чегерүүнү, жыйноону жана төлөөнү жүзөгө ашыруу милдети жүктөлгөн жактардан салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону талап кылууга;

2) укуктук мамилелерде жеке өзү же болбосо өзүнүн өкүлү аркылуу чыгууга;

3) салыктык эмес кирешенин ашыкча төлөнгөн, ошондой эле ашыкча өндүрүп алынган суммасын кайтарууга;

4) негиздер болгондо жана салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жеңилдиктерди жана бошотууларды пайдаланууга;

5) ушул Кодекске ылайык салыктык эмес кирешени тийиштүү бюджетке чегерүүнү, жыйноону жана төлөөнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу жактардын чечимдерине, аракеттерине же аракетсиздигине даттанууга;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктык эмес кирешени тийиштүү бюджетке чегерүүнү, жыйноону жана төлөөнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу жактардын мыйзамсыз чечими менен келтирилген зыяндын ордун толтурууга.

2. Төлөөчү салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген жана башка укуктарга да ээ.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-14)
