# 127-берене. Төлөөчү

- Документ: [Салыктык эмес кирешелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111820)
- Документтеги орду: 46-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июня 2021 года № 80 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112258)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111820#diff=1283393..1283394>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-127>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111820/edition/1283385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111820/st-127.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелер жөнүндө, 127-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-127

---

1. Пайдалуу кендерди катталган жерине карабастан иштетишкен (казып алышкан) жана пайдалуу кендердин табылган жери боюнча региондорду өнүктүрүү фонддоруна жана тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге багыттоо үчүн республикалык бюджетке чегерүүлөрдү жүргүзүүчү жеке же юридикалык жактар жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, күтүүгө жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык максаттуу багыттагы иш-чараларды ишке ашырууга чегерүүлөрдү төлөөчү болуп саналат.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоого ыйгарым укуктуу адистештирилген уюмдары калкка ичүүчү сууну сатуудан түшкөн каражаттар боюнча чегерүүлөрдү төлөөчүлөр болуп саналбайт.

3. Региондорду өнүктүрүү фонддору облустарды өнүктүрүү фонддору жана райондорду өнүктүрүү фонддору түрүндө түзүлөт. Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн жана алардын каражаттарын башкаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 80 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [126-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-126)  
Кийинки берене: [128-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-128)
