# 103-берене. Төлөөнүн тартиби

- Документ: [Салыктык эмес кирешелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111820)
- Документтеги орду: 35-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июня 2025 года № 124 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029601)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111820#diff=32973..34993>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-103>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111820/edition/1283385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111820/st-103.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелер жөнүндө, 103-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-103

---

1. Мамлекеттин менчигинде турган жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижара төлөө өлчөмүн аныктоо тартиби, ижара акысынын төлөө шарттары жана мөөнөттөрү жер мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

2. Республикалык маанидеги шаарлардын муниципалдык менчигинде турган жер участокторун кошпогондо, муниципалдык менчикте турган жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижара төлөө өлчөмүн аныктоо тартиби, ижара акысынын төлөө шарттары жана мөөнөттөрү жер мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленет.

3. Республикалык маанидеги шаарлардын муниципалдык менчигинде турган жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижара төлөө өлчөмүн аныктоо тартиби, ижара акысынын төлөө шарттары жана мөөнөттөрү жер мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

4. Мамлекеттин менчигинде турган жана мамлекеттик жер пайдалануучуларга бекитилген жер участокторун ижаралоодон түшкөн кирешелер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгилеген тартипте бөлүштүрүлөт.

5. Калктуу конуштардын чегинен тышкары жайгашкан жана үчүнчү жактардын укуктарынан эркин турган жер участокторун ижаралоодон түшкөн кирешелер толук өлчөмдө республикалык бюджетке чегерилет.

6. Калктуу конуштардын чегинде жайгашкан жана үчүнчү жактардын укуктарынан эркин турган жер участокторун ижаралоодон түшкөн киреше толук өлчөмдө жергиликтүү бюджеттерге чегерилет.

7. Республикалык маанидеги шаарлардын муниципалдык ишканаларына бекитилген мүлктүк комплекстердин курамына кирген жер участокторун кошпогондо, муниципалдык менчикте турган жер участокторун ижаралоодон түшкөн кирешелер жергиликтүү бюджеттерге чегерилет.

(КР 2025-жылдын 23-июнундагы № 124 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [102-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-102)  
Кийинки берене: [104-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-104)
