# 7-берене. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин жоопкерчилиги

- Документ: [Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111817)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 2-августундагы № 80 "Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 80
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июля 2019 года № 93 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об уполномоченном органе в сфере борьбы с экономическими преступлениями"](https://aqlex.ai/kg/doc/111940)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111817#diff=1193109..1193110>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111817/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2621/edition/1193109/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111817/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө, 7-берене (01.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111817/st-7

---

1. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери өз ыйгарым укуктарынын чегинде чечимдерди өз алдынча кабыл алат. Өз кызматтык милдеттерин бузган, тартиптик жоруктарды, бузууларды же болбосо жазыктык жаза бериле турган жосунду жасаган учурда, ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат. Эгерде ыйгарым укуктуу органдын кызматкерине мыйзамга каршы келген буйрук же тескеме берилсе, ал мыйзамды жетекчиликке алат.

2. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкеринин укукка каршы жосундун белгилерине формалдуу туура келген аракеттери, эгерде алар негизи бар кесиптик тобокелдик менен жасалса, мыйзам бузуу деп таанылбашы мүмкүн. Эгерде жасалган аракет түзүлгөн жагдайлардан объективдүү келип чыкса, ал эми мыйзамдуу максатка мындай аракетти жасабастан жетүүгө мүмкүн болбосо жана ыйгарым укуктуу органдын тобокелдикке жол берген кызматкери түзүлгөн кырдаалда келтирилген зыяндын алдын алуу үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрсө, тобокелдик негизи бар деп таанылат.

(КР 2019-жылдын 18-июлундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111817/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111817/st-8)
