7-берене. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин жоопкерчилиги
Күчүн жоготкон · 01.11.2022 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 июля 2019 года № 93
1. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери өз ыйгарым укуктарынын чегинде чечимдерди өз алдынча кабыл алат. Өз кызматтык милдеттерин бузган, тартиптик жоруктарды, бузууларды же болбосо жазыктык жаза бериле турган жосунду жасаган учурда, ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат. Эгерде ыйгарым укуктуу органдын кызматкерине мыйзамга каршы келген буйрук же тескеме берилсе, ал мыйзамды жетекчиликке алат.
2. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкеринин укукка каршы жосундун белгилерине формалдуу туура келген аракеттери, эгерде алар негизи бар кесиптик тобокелдик менен жасалса, мыйзам бузуу деп таанылбашы мүмкүн. Эгерде жасалган аракет түзүлгөн жагдайлардан объективдүү келип чыкса, ал эми мыйзамдуу максатка мындай аракетти жасабастан жетүүгө мүмкүн болбосо жана ыйгарым укуктуу органдын тобокелдикке жол берген кызматкери түзүлгөн кырдаалда келтирилген зыяндын алдын алуу үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрсө, тобокелдик негизи бар деп таанылат.
(КР 2019-жылдын 18-июлундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 01.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111817/st-7" title="7-берене - Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>