# 3-берене. Ыйгарым укуктуу органдын максаттары жана милдеттери

- Документ: [Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111817)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 2-августундагы № 80 "Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 80
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июля 2019 года № 93 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об уполномоченном органе в сфере борьбы с экономическими преступлениями"](https://aqlex.ai/kg/doc/111940)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111817#diff=1193109..1193110>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111817/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2621/edition/1193109/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111817/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө, 3-берене (01.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111817/st-3

---

1. Кыргыз Республикасынын ички экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу, экономика жана финансы чөйрөсүндө экономикалык жана кызматтык кылмыштардын деңгээлин төмөндөтүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү ыйгарым укуктуу органдын негизги максаты болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын ички экономикалык коопсуздугунун кызыкчылыктарында ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй милдеттерди чечет:

1) өз компетенциясынын чегинде ички экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу;

2) өлкөнүн ички экономикалык коопсуздугуна келиши мүмкүн болгон коркунучтарды божомолдоо жана алдын алуу;

3) ички экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

4) жогорку кызмат адамдарын жазыктык куугунтуктоону кошпогондо, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарында коррупцияга каршы аракеттенүү, ошондой эле экономика жана финансы чөйрөсүндөгү кылмыштар менен күрөшүү;

5) ишкердиктик иштин субъекттеринин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу;

6) кылмыштардын экономикалык түрлөрүн, кызматтык жана коррупциялык кылмыштарды, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун курамында жасалган кылмыштардын алдын алуу, аларды айкындоо жана бөгөттөө боюнча чараларды жүзөгө ашыруу; ыкчам издөө иш-чараларын жүзөгө ашыруу, кылмыш жасаган же жасады деп шектелген адамдарга карата жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү;

7) мамлекеттик түзүмдөрдөгү кызмат адамдары өз кызмат абалын пайдалануу менен экономикалык ишке мыйзамсыз кийлигишкен же ишкердик ишке тоскоолдук кылган фактылардын алдын алуу, аларды айкындоо жана бөгөттөө боюнча чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

8) ыйгарым укуктуу органдын карамагына берилген маселелер боюнча эл аралык кызматташууну жүзөгө ашыруу;

9) мамлекетке зыян келтирүүгө байланышкан кылмыштардын экономикалык түрлөрүн, экономика жана финансы чөйрөсүндө кызматтык кылмыштарды жасоого түрткү берүүчү себептерди жана шарттарды четтетүү; мамлекетке зыян келтирүүгө байланышкан кылмыштардын экономикалык түрлөрүн, экономика жана финансы чөйрөсүндөгү кызматтык кылмыштарды жаратуучу, түрткү берүүчү жана колдоочу себептерге жана шарттарга талдоо жүргүзүү, ошондой эле алардын алдын алууга жана аларды жоюуга багытталган иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.

(КР 2019-жылдын 18-июлундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111817/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111817/st-4)
