24-берене. Ыйгарым укуктуу органдын мүлкү жана документтери
Күчүн жоготкон · 01.11.2022 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100.
1. Ыйгарым укуктуу органдын мүлкү мамлекеттин менчигинде турат жана коюлган милдеттерди чечүү үчүн пайдаланылат.
2. Ыйгарым укуктуу органдын мекемелеринин ыкчам башкаруусунда кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк, анын ичинде социалдык-тиричилик жана чарбалык максаттагы объекттер болушу мүмкүн.
3. Ишканалардын, уюмдардын, илимий-изилдөө, долбоорлоо, дарылоо, окутуу жана башка мекемелердин, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын ишин камсыздоо үчүн атайын түзүлгөн уюмдардын мүлкү аларга чарба жүргүзүү укугунда бекитип берилет же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алардын ыкчам башкаруусуна берилет.
4. Өндүрүп алууну ыйгарым укуктуу органдын мүлкүнө багыттоого жол берилбейт.
5. Ыйгарым укуктуу органдын документтери жана документтик материалдары Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө мыйзамдарга ылайык сакталат жана пайдаланылат.
Берененин тексти 01.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111817/st-24" title="24-берене - Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>