# 14-берене. Ыйгарым укуктуу органга көмөк көрсөтүүчү адамдардын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111817)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 2-августундагы № 80 "Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 80
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111817/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2621/edition/1193109/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111817/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө, 14-берене (01.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111817/st-14

---

1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын ыйгарым укуктуу органга көмүскө негизде (ыкчам-издөө иш-чараларын даярдоодо жана өткөрүүдө) ыктыярдуу маалымат бергендиги тууралуу маалыматтар мамлекеттик сырды түзөт.

2. Ыйгарым укуктуу органга көмөк көрсөтүүчү адамдар төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) ыйгарым укуктуу орган менен купуя кызматташуунун шарттары тууралуу контракт түзүүгө;

2) ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринен өздөрүнүн милдеттери, укуктары жана милдеттүүлүктөрү тууралуу түшүндүрмө алууга;

3) конспирация максатында өздүгү шифрленген документтерди пайдаланууга;

4) контрактта аныкталган учурларда сый акы алууга.

3. Ыйгарым укуктуу органга көмөк көрсөтүүчү адамдар төмөндөгүлөргө милдеттүү:

1) ыйгарым укуктуу органдын алдыда турган милдеттерди чечүүгө багытталган тапшырмаларын аткарууга;

2) ыйгарым укуктуу орган менен контракт түзүлгөн учурда анын шарттарын сактоого;

3) жалган же ушак маалыматтардын атайылап берилишине жол бербөөгө;

4) ыйгарым укуктуу органга көмөк көрсөтүү процессинде белгилүү болгон, мыйзам тарабынан корголгон маалыматтарды ачыкка чыгарбоого.

4. Ыйгарым укуктуу органга көмөк көрсөтүүчү адамдар атайылап жалган же ушак маалыматтарды бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик тартат.

5. Ыйгарым укуктуу органга көмөк көрсөтүүчү адамдардын укуктарына жана социалдык корголушуна кепилдиктер ыкчам издөө иштери тууралуу мыйзамдарга ылайык камсыз кылынат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111817/st-13)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111817/st-19)
