14-берене. Ыйгарым укуктуу органга көмөк көрсөтүүчү адамдардын укуктары жана милдеттери
Күчүн жоготкон · 01.11.2022 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100.
1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын ыйгарым укуктуу органга көмүскө негизде (ыкчам-издөө иш-чараларын даярдоодо жана өткөрүүдө) ыктыярдуу маалымат бергендиги тууралуу маалыматтар мамлекеттик сырды түзөт.
2. Ыйгарым укуктуу органга көмөк көрсөтүүчү адамдар төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) ыйгарым укуктуу орган менен купуя кызматташуунун шарттары тууралуу контракт түзүүгө;
2) ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринен өздөрүнүн милдеттери, укуктары жана милдеттүүлүктөрү тууралуу түшүндүрмө алууга;
3) конспирация максатында өздүгү шифрленген документтерди пайдаланууга;
4) контрактта аныкталган учурларда сый акы алууга.
3. Ыйгарым укуктуу органга көмөк көрсөтүүчү адамдар төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) ыйгарым укуктуу органдын алдыда турган милдеттерди чечүүгө багытталган тапшырмаларын аткарууга;
2) ыйгарым укуктуу орган менен контракт түзүлгөн учурда анын шарттарын сактоого;
3) жалган же ушак маалыматтардын атайылап берилишине жол бербөөгө;
4) ыйгарым укуктуу органга көмөк көрсөтүү процессинде белгилүү болгон, мыйзам тарабынан корголгон маалыматтарды ачыкка чыгарбоого.
4. Ыйгарым укуктуу органга көмөк көрсөтүүчү адамдар атайылап жалган же ушак маалыматтарды бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик тартат.
5. Ыйгарым укуктуу органга көмөк көрсөтүүчү адамдардын укуктарына жана социалдык корголушуна кепилдиктер ыкчам издөө иштери тууралуу мыйзамдарга ылайык камсыз кылынат.
Берененин тексти 01.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 22.08.2020 · № 140 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111817/st-14" title="14-берене - Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>