# 12-берене. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкеринин укуктук абалы

- Документ: [Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111817)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 2-августундагы № 80 "Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 80
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 августа 2020 года № 140 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об уполномоченном органе в сфере борьбы с экономическими преступлениями"](https://aqlex.ai/kg/doc/112143)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111817#diff=1193110..1193111>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111817/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2621/edition/1193109/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111817/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө, 12-берене (01.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111817/st-12

---

1. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкеринин укуктук статусу жана укуктары, ошондой эле анын ыйгарым укуктуу органдагы кызматы менен байланышкан чектөөлөр жана тыюу салуулар Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен аныкталат.

2. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкери ага жарандар жана (же) кызмат адамдары даярдалып жаткан же жасалган кылмыш же укук бузуу жөнүндө арыз же билдирүү менен кайрылган учурда, же болбосо мындай жагдай түздөн-түз табылган учурда мамлекетке зыян келтирүүгө байланышкан экономикалык кылмыштардын түрлөрүнө, экономика жана финансы чөйрөсүндөгү кызматтык кылмыштарга бөгөт коюу боюнча ага берилген укуктарды толук пайдаланууга жана ыйгарым укуктуу органдын жакынкы бөлүгүнө маалымдоого милдеттүү.

3. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкери дене-бойлук күчтү, атайын каражаттарды, куралдарды, курал-жарактарды жана аскердик техниканы колдонуунун натыйжасында, эгерде аларды колдонуу Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипти сактоо менен жүзөгө ашырылса, жеке же юридикалык жактарга келтирилген кандай болбосун зыяндар үчүн жоопкерчилик тартпайт.

4. Атайын багыттагы бөлүктөрдүн кызматкерлерин кошпогондо, ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери беткап менен жүрүүгө укуксуз.

5. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарууда кызматтык ырастамасын көрсөтүүгө милдеттүү. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкери кызматтык ырастамасын көрсөтүүдөн баш тартканда, ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык беткапты пайдалануу учурларын кошпогондо, жаран анын талаптарына баш ийбей коюуга укуктуу.

(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111817/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111817/st-13)
