Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
12-берене. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкеринин укуктук абалы
Күчүн жоготкон · 01.11.2022 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 августа 2020 года № 140
1. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкеринин укуктук статусу жана укуктары, ошондой эле анын ыйгарым укуктуу органдагы кызматы менен байланышкан чектөөлөр жана тыюу салуулар Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен аныкталат.
2. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкери ага жарандар жана (же) кызмат адамдары даярдалып жаткан же жасалган кылмыш же укук бузуу жөнүндө арыз же билдирүү менен кайрылган учурда, же болбосо мындай жагдай түздөн-түз табылган учурда мамлекетке зыян келтирүүгө байланышкан экономикалык кылмыштардын түрлөрүнө, экономика жана финансы чөйрөсүндөгү кызматтык кылмыштарга бөгөт коюу боюнча ага берилген укуктарды толук пайдаланууга жана ыйгарым укуктуу органдын жакынкы бөлүгүнө маалымдоого милдеттүү.
3. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкери дене-бойлук күчтү, атайын каражаттарды, куралдарды, курал-жарактарды жана аскердик техниканы колдонуунун натыйжасында, эгерде аларды колдонуу Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипти сактоо менен жүзөгө ашырылса, жеке же юридикалык жактарга келтирилген кандай болбосун зыяндар үчүн жоопкерчилик тартпайт.
4. Атайын багыттагы бөлүктөрдүн кызматкерлерин кошпогондо, ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери беткап менен жүрүүгө укуксуз.
5. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарууда кызматтык ырастамасын көрсөтүүгө милдеттүү. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкери кызматтык ырастамасын көрсөтүүдөн баш тартканда, ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык беткапты пайдалануу учурларын кошпогондо, жаран анын талаптарына баш ийбей коюуга укуктуу.
(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 01.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111817/st-12" title="12-берене - Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>