# 11-берене. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкеринин эмгектик мамилелерин жөнгө салуу

- Документ: [Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111817)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 2-августундагы № 80 "Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 80
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 августа 2020 года № 140 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об уполномоченном органе в сфере борьбы с экономическими преступлениями"](https://aqlex.ai/kg/doc/112143)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111817#diff=1193110..1193111>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111817/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2621/edition/1193109/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111817/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө, 11-берене (01.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111817/st-11

---

1. Ыйгарым укуктуу органга кызматка кирүү конкурстук негизде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-октябрындагы № 565 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финансы полициясына) кирүү үчүн конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

2. Ыйгарым укуктуу органда кызмат өтөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен аныкталат.

3. Ыйгарым укуктуу органдын эркин жалдануучу курамынын эмгектик иши Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары жана анын негизинде чыгарылуучу ведомстволук актылар менен жөнгө салынат.

(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111817/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111817/st-12)
