# 1-берене. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган

- Документ: [Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111817)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 2-августундагы № 80 "Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 80
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июля 2019 года № 93 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об уполномоченном органе в сфере борьбы с экономическими преступлениями"](https://aqlex.ai/kg/doc/111940)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111817#diff=1193109..1193110>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111817/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2621/edition/1193109/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111817/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө, 1-берене (01.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111817/st-1

---

1. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) аткаруу бийлигинин укук коргоо органынын статусуна ээ болот, анын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде ыкчам-издөө ишин, жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү жолу менен кылмыштардын экономикалык түрлөрүн, кызматтык жана коррупциялык кылмыштардын алдын алууга, аларды айкындоого, аларга бөгөт коюуга, аларды ачууга жана тергөөгө багытталат.

2. Ыйгарым укуктуу орган юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдердеги толук аталышына, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрүнө ээ болот.

3. Ыйгарым укуктуу органдын туусу жана символикасы болот. Туунун жана символиканын сыпаттамасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР 2019-жылдын 18-июлундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111817/st-2)
