1-берене. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган
Күчүн жоготкон · 01.11.2022 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 июля 2019 года № 93
1. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) аткаруу бийлигинин укук коргоо органынын статусуна ээ болот, анын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде ыкчам-издөө ишин, жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү жолу менен кылмыштардын экономикалык түрлөрүн, кызматтык жана коррупциялык кылмыштардын алдын алууга, аларды айкындоого, аларга бөгөт коюуга, аларды ачууга жана тергөөгө багытталат.
2. Ыйгарым укуктуу орган юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдердеги толук аталышына, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрүнө ээ болот.
3. Ыйгарым укуктуу органдын туусу жана символикасы болот. Туунун жана символиканын сыпаттамасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
(КР 2019-жылдын 18-июлундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 01.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-апрелиндеги № 176 "Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү…Постановление · 17.04.2019 · № 176 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111817/st-1" title="1-берене - Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>