Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене
Күчүн жоготкон · 03.03.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 204-статьяда:
а) 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(2) Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу баңгилик каражаттарды, психотроптук, таасири күчтүү, уулуу, ууландыруучу, радиоактивдүү же жарылгыч заттарды, курал-жарактарды, жарылуучу түзүлүштөрдү, ок атуучу курал-жарак же ок-дарыларды, ядролук, химиялык, биологиялык жана массалык кыргынга учуратуучу курал-жарактардын башка түрлөрүн, массалык кыргынга учуратуучу курал-жарактарды түзүүдө пайдаланылышы мүмкүн болгон материалдарды, технологияларды, илимий-техникалык маалыматтарды жана жабдууларды, Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, ошондой эле алардын дериваттарын алып өтүү жана аларга карата Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген, Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген стратегиялык жактан маанилүү чийки зат товарларды жана маданий баалуулуктарды алып өтүү, эгерде бул жосун бажы көзөмөлүн буйтап же жашыруу менен, болбосо документтерди же бажылык идентификациялоо каражаттарын алдап пайдалануу менен жасалса же декларациялабоо же анык эмес декларациялоо менен коштолсо, -";
б) эскертүүдө:
- биринчи абзацында "бир миң эселенген" деген сөздөр "беш миң эселенген" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган кылмышты биринчи жолу жасаган адам, эгерде анын аракеттеринде кылмыштын башка курамы жок болсо жана контрабанданын предмети болуп саналган товарларга жана башка предметтерге бажы декларациясын жүргүзүү жана чыгаруу менен туумдарды кошуп алганда, тийиштүү бажы төлөмдөрүнүн суммасынын эки эселенген өлчөмүн өз ыктыяры менен төлөгөн учурда жазык жоопкерчилигинен бошотулат.".
Берененин тексти 03.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111813/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>