# 3-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111804)
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 21-июнундагы № 61 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 21.06.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111804/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2608/edition/887059/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111804/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 3-берене (21.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111804/st-3

---

"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 6, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 34-1-статья менен толукталсын: "34-1-статья. Кош кампа күбөлүгүн берүү менен сактоого кабыл алынган товардын күрөөсү Кош кампа күбөлүгүн берүү менен сактоого кабыл алынган товар, ал сакталып турган мезгилде, кош кампа күбөлүгүнүн тийиштүү бөлүгүнүн күрөө жолу менен күрөө предмети болушу мүмкүн. Кош кампа күбөлүгүн берүү менен сактоого кабыл алынган товардын күрөөсү товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте, кош кампа күбөлүгүнүн эки бөлүгүндө тең индоссамент (өткөрүп берүү жазуулары) жүзөгө ашырылган учурдан тартып пайда болот.".

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111804/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111804/st-4)
