# КР 2018-жылдын 26-июнундагы № 62 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 26-июнундагы № 62 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111802>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2606/edition/883805/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111802.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2018-жылдын 26-июнундагы № 62 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111802

---

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2018-жылдын 26-июну № 62 Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2018-жылдын 24-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111802/st-1)

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 6-статьянын 6-бөлүгү "төмөнкүдөй адамдарга:" деген сөздөрдөн кийин "ушул Кодекстин 427-статьясында көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;

2) 427-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"427-статья. Кызматкерлердин айрым категорияларынын жекече эмгек талаш-тартыштарын кароо өзгөчөлүктөрү Саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдарды иштен бошотуу, иштен бошотуу күнүн жана себептерин жазма баяндоону өзгөртүү, башка ишке которуу, аргасыз ишке чыкпай калган же акы аз төлөнүүчү ишти аткарган мезгил үчүн акы төлөө жана тартиптик жаза берүү маселелери боюнча жекече эмгек талаш-тартыштары соттук эмес тартипте чечилет. Ушул статьяда көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча кабыл алынган чечимдер даттанууга жатпайт.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111802/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жээнбеков
