# КР 2018-жылдын 30-июнундагы № 64 "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 30-июнундагы № 64 "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111798>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2602/edition/882803/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111798.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2018-жылдын 30-июнундагы № 64 "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111798

---

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2018-жылдын 30-июну № 64 "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

2018-жылдын 24-майында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111798/st-1)

"Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 11, 678-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111798/st-1)

төмөнкү редакцияда баяндалсын: "1-статья. Айыл чарба багытындагы жерлер - айыл чарба муктаждыктары үчүн берилген же ушул максаттар үчүн багытталган жана үрөн чарбачылык, асыл тукум, эксперименталдык чарба жана айыл чарба кооперативдерин, товардык айыл чарба өндүрүшүн, коргоочу токой өстүрүү, багбанчылык, чарбакчылык, дачаларды жүргүзүү үчүн, илим-изилдөө, тажрыйба-селекциялык жана сорт сыноо жумуштарын өткөрүү үчүн, ошондой эле айыл чарба өндүрүшү менен байланыштуу башка максаттар үчүн пайдаланылуучу жерлер.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111798/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С. Жээнбеков
