# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111794)
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 21-июнундагы № 61 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 21.06.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111794/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2600/edition/885781/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111794/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 2-берене (21.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111794/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 906-статьяда:

а) 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Коштолгон складдык күбөлүк, анын эки бөлүгүнүн ар бири жана жөнөкөй складдык күбөлүк баалуу кагаздар болуп саналат. Коштолгон жана жөнөкөй складдык күбөлүктөр товардык складдарды жана складдык күбөлүктөрдү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурда товардык склад тарабынан берилет.";

б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:

"2-1. Товардык складдардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине кирбеген товардык склад, товардык складдарды жана складдык күбөлүктөрдү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык, складдык квитанция берүүгө гана укуктуу.";

в) 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Коштолгон складдык күбөлүк күрөө предмети болушу мүмкүн.";

2) 907-статьянын 2-пунктунда:

а) 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (СИН), товарды сактоого кабыл алган товардык складдын аталышы жана дареги;";

б) 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) товарды сактоого кабыл алынган салык төлөөчүнүн (СИН) - юридикалык жактын аталышы, жайгашкан жери, идентификациялык номери же болбосо салык төлөөчүнүн (ИЖН) - жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), жашаган жери, идентификациялык жеке номери;";

в) 4-пунктчасы "аталышы" деген сөздөн кийин ", сапат жөнүндө маалыматтар" деген сөздөр менен толукталсын;

г) 7-пунктчасы "берилген күнү" деген сөздөрдөн кийин ", бланктын сериясы жана номери" деген сөздөр менен толукталсын;

д) төмөнкүдөй мазмундагы 7-1 - 7-4-пунктчалар менен толукталсын:

"7-1) укуктарды өткөрүп берүү (индоссамент) жөнүндө маалыматтар; 7-2) товардык складдардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталганы жөнүндө күбөлүктүн маалыматтары (каттоо номери, берилген датасы); 7-3) товардык складдын складдык күбөлүктөрдү кармоочулардын алдында товардык складдын милдеттенмелерин аткаруу кепилдигин берүү системасына катышуусу жөнүндө маалымат же товардык складдын складдык күбөлүктү кармоочунун алдында жарандык-укуктук жоопкерчиликти камсыздандыруусу жоктугу жөнүндө белги; 7-4) ушул Кодекстин 908-статьясынын 3-пунктунда каралган учурларда, товардык складдарды жана складдык күбөлүктөрдү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык, товардын күрөөсү жана акчалай милдеттенмелер жөнүндө маалыматтар;";

3) 908-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Складдык күбөлүктүн кармоочусунан башка күрөөлүк күбөлүктүн кармоочусу күрөө күбөлүгү менен камсыз кылынган акчалай милдеттенмелердин өлчөмүндө гана товарга күрөө укугуна ээ болот. Товардын күрөөсүндө ал жөнүндө складдык жана күрөөлүк күбөлүккө белги коюлат.";

4) 910-статьянын 2-пункту "ушул Кодекстин" деген сөздөрдөн мурда "(7-1-пунктчасын кошпогондо,)" деген сөздөр менен толукталсын;

5) 911-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Күрөө күбөлүгү болбогон, бирок ал боюнча карыздын суммасын төлөгөн же болбосо күрөө кармоочу менен күрөө предметин алмаштыруу жөнүндө же күрөө предметин жарым-жартылай бошотуу жөнүндө макулдашууга жетишкен складдык күбөлүктүн кармоочусуна товар склад тарабынан складдык күбөлүгүнө алмашкан сыяктуу болгондой жана аны менен кошо күрөө предмети бошотулганын жана күрөө күбөлүгү боюнча акчалай милдеттенмелер төлөнгөндүгүн ырастоочу документтер көрсөтүлгөн шартта берилет.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111794/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111794/st-3)
