# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына(Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине, "Жарандык абалдын актылары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111793)
- Толук аталышы: КРнын 2018-жылдын 5-июнундагы № 60 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына(Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине, "Жарандык абалдын актылары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111793/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-15061/edition/1017409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111793/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына(Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине, "Жарандык абалдын актылары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111793/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статьянын 3-пунктунда "ыктыярдуу негизде жана никелешкен адамдардын өз ара макулдугунун, жубайлардын үй-бүлөдөгү укуктарынын теңдигине" деген сөздөр "нике курагына жеткен эркек менен аялдын ыктыярдуу баш кошуусунун, жубайлардын никедеги жана үй-бүлөдөгү укуктарынын жана милдеттеринин теңдигинин негизинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 2-статьянын экинчи абзацында:

а) абзац "тең укуктуу" деген сөздөрдөн кийин "жана ыктыярдуу" деген сөздөр менен толукталсын;

б) "толук" деген сөз "өз ара" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"12-статья. Никеге туруунун тартиби

1. Никеге туруу никеге туруп жаткан адамдардын өздөрүнүн катышуусу менен, алар жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына арыз берген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин никеге турууну мамлекеттик каттоо жолу менен түзүлөт.

Өзгөчө жагдайлар болгондо (кош бойлуулукта, бала төрөлгөндө, тараптардын биринин өмүрүнө түздөн-түз коркунуч туулганда) арыз берилген күнү никеге тургузулушу мүмкүн.

2. Никеге турууну мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

3. Жарандык абалдын актыларын жазуу органынын никени каттоодон баш тартуусу никеге турууну каалаган адамдар (алардын бири) тарабынан административдик иш жөнүндө мыйзамдар менен аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111793/st-2)
