# 9-берене

- Документ: [Салыктык эмес кирешелер, ички аудит маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111788)
- Толук аталышы: КРнын 2018-жылдын 26-майы № 55 "Салыктык эмес кирешелер, ички аудит маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111788/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2597/edition/1273947/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111788/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелер, ички аудит маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө, 9-берене (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111788/st-9

---

"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 452-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-статьянын кырк үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 6-статьянын 1-бөлүгүнүн он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 15-статьянын 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Зыяндуу заттарды абага чыгаруу, агызып чыгаруу, таштандыларды жайгаштыруу үчүн акы юридикалык жана жеке жактар тарабынан республикалык бюджетке чегерилет.";

4) 34-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"34-статья. Жаратылышты коргоо иш-чараларын каржылоо Жаратылышты коргоо иш-чараларын каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүргүзүлөт.";

5) 35-статья күчүн жоготту деп таанылсын;

6) 38-статьянын 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Өзгөчө экологиялык кырдаал жана экологиялык кырсык зоналарын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды каржылоо түздөн-түз күнөөлүүлөрдүн каражаттарынын эсебинен, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин максаттуу каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.";

7) 40-статьянын он төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- экологиялык камсыздандыруу тартибин бекитүү;";

8) 54-статьяда:

а) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Соттун чечими боюнча өндүрүлүүчү зыяндын суммасы республикалык жана (же) жергиликтүү бюджетке чегерилет.";

б) 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жарандардын ден соолугуна келтирилген зыян үчүн акчалай каражаттардын суммасы зыян келтирген жактан же ал өкүлү болгон ишканадан, мекемеден, уюмдан өндүрүлөт, ал эми аларды аныктоо мүмкүн болбогондо - тиешелүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен өндүрүлөт.".

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111788/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111788/st-10)
