# 10-берене

- Документ: [Салыктык эмес кирешелер, ички аудит маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111788)
- Толук аталышы: КРнын 2018-жылдын 26-майы № 55 "Салыктык эмес кирешелер, ички аудит маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111788/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2597/edition/1273947/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111788/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелер, ички аудит маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө, 10-берене (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111788/st-10

---

"Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 25-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:

"9) ички аудитордун квалификациялык сертификаты - ички аудит жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, ички аудитти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон, ички аудитордун билим деңгээлин бышыктоочу документ.";

2) 10-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:

"8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте ички аудиторлорду сертификаттоону жүргүзөт.";

3) 17-беренеде:

а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ички аудиторду дайындоо тартиби";

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:

"1-1. Ички аудитордун кызмат ордуна жогорку экономикалык билими жана экономикалык адистик боюнча бир жылдан кем эмес иш стажы же башка жогорку (экономикалык эмес) билими жана экономикалык адистик боюнча үч жылдык иш стажы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ички аудиторлордун кесиптик деңгээлине карата талаптарга ылайык ички аудитордун квалификациялык сертификаты бар Кыргыз Республикасынын жараны дайындалат.".

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111788/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111788/st-11)
