# 6-берене. Жарандык коргонуунун байкоо жана лабораториялык контролдоо тармагы

- Документ: [Жарандык коргонуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111787)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КРнын 2018-жылдын 24-майындагы № 54 "Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 27 марта 2023 года № 71 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Гражданской защите"](https://aqlex.ai/kg/doc/112554)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111787#diff=1240721..1240722>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111787/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2596/edition/1240719/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111787/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык коргонуу жөнүндө, 6-берене (27.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111787/st-6

---

Айлана-чөйрөнүн (ачык көлмөлөрдүн, абанын, кыртыштын жана өсүмдүктөрдүн), тамак-аш азыктарынын, тамак-аш чийки заттарынын, жем-чөптөрдүн жана суунун радиоактивдүү, ууландыруучу жана күчтүү таасир этүүчү уу заттар, биологиялык (бактериологиялык) жана башка заттар менен булганышына байкоо жана лабораториялык контролдоо үчүн, ошондой эле эпидемиялардын, эпизоотиялардын, эпифитотиялардын жана башка жугуштуу оорулардын келип чыгышын контролдоо үчүн Жарандык коргонуунун байкоо жана лабораториялык контролдоо тармагы түзүлөт. Жарандык коргонуунун байкоо жана лабораториялык контролдоо тармагынын курамына гигиеналык жана эпидемиологиялык борборлор, ветеринардык лабораториялар жана станциялар, агрохимиялык лабораториялар, айлана-чөйрөнү аналитикалык контролдоо боюнча лабораториялар, радиациялык жана химиялык байкоо посттору, ошондой эле объект лабораториялары жана башка уюмдар кирет. Жарандык коргонуунун байкоо жана лабораториялык контролдоо тармагын түзүү жана анын иш тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111787/st-51)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111787/st-7)
