# 5-берене. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму

- Документ: [Жарандык коргонуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111787)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КРнын 2018-жылдын 24-майындагы № 54 "Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 27 марта 2023 года № 71 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Гражданской защите"](https://aqlex.ai/kg/doc/112554)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111787#diff=1240721..1240722>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111787/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2596/edition/1240719/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111787/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык коргонуу жөнүндө, 5-берене (27.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111787/st-5

---

1. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.

2. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун милдеттери:

1) өзгөчө кырдаалдардан Кыргыз Республикасынын калкын жана аймактарын коргоону камсыз кылуу боюнча ар түрдүү топтордун демографиялык жана гендердик өзгөчөлүктөрүн эске алган укуктук ченемдерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

2) өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга, кырсык тобокелдигин азайтууга, өндүрүштүк жана социалдык багыттагы объекттердин өзгөчө кырдаалдарда иштөөгө туруктуулугун жогорулатууга багытталган максаттуу жана илимий-техникалык программаларды жүзөгө ашыруу;

3) Жарандык коргонууну башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын күчтөрүнүн жана каражаттарынын даярдыгын камсыз кылуу;

4) өзгөчө кырдаалдардын социалдык-экономикалык кесепеттерин божомолдоо жана аларга баа берүү;

5) Жарандык коргонуу жаатындагы маалыматтарды чогултуу, иштетүү, алмашуу жана берүү;

6) мамлекеттик органдардын, бардык деңгээлдердеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын жетекчилерин, кызматкерлерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;

7) калкты өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүүгө үйрөтүү;

8) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кырсык тобокелдигин азайтуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;

9) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу үчүн финансылык жана материалдык резервдерди караштыруу;

10) Жарандык коргонуу жаатында контролду жана мамлекеттик экспертизаны, өнөр жай, тоо-кен, өрт коопсуздугун контролдоону жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу;

11) Кыргыз Республикасынын калкын жана аймактарын өзгөчө кырдаалдардан коргоо, кырсык тобокелдигин азайтуу жаатындагы эл аралык кызматташуу;

12) баш калканчтарды жана радиацияга каршы калканчтарды, башкаруунун запас пункттарын, тынчтык жана согуш мезгилинде келип чыгуучу коркунучтар тууралуу сигналдарды калкка өз убагында жеткирүү үчүн байланыш жана кабарлоо тутумдарын түзүү жана даярдыкта кармоо;

13) өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда мал чарбачылыгын, өсүмдүктөрдү, азык-түлүктөрдү, тамак-аш чийки затын, жем-чөптү, суу булактарын жана суу менен камсыз кылуу тутумдарын коргоо;

14) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу;

15) калкты, материалдык жана маданий баалуулуктарды коопсуз райондорго эвакуациялоо;

16) өзгөчө кырдаалдар мезгилинде, ошондой эле убактылуу жайгаштыруу жерлеринде аялдардын жана балдардын аялуулугун азайтуу жана аларга карата зомбулуктун алдын алуу;

17) коммуналдык-техникалык кызматтарды жана коммуникацияларды калыбына келтирүү;

18) медициналык жардам көрсөтүү, калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;

19) өзгөчө кырдаалдарда авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүү;

20) радиоактивдүү, химиялык, биологиялык жана башка ууланууга кабылган райондорду табуу жана белгилөө;

21) калкты санитардык тазалоо, техниканы, имараттарды жана башка объекттерди зыянсыздандыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;

22) жарык жана маскировкалоонун башка түрлөрү боюнча иш-чараларды жүргүзүү;

23) жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдардан калк жана аймактар үчүн тобокелдикти баалоо боюнча изилдөөлөрдү жүзөгө ашыруу;

24) өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана аны божомолдоо;

25) Кыргыз Республикасынын Кырсыктын тобокелдигин азайтуу боюнча улуттук платформанын алкагында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча иш-чараларга бардык кызыкдар тараптарды тартууну уюштуруу;

26) калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо максатында башка иш-чараларды жүргүзүү.

3. Тынчтык убагында Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун төмөнкүдөй иштөө режими белгиленет:

1) күндөлүк иш режими - нормалдуу өндүрүштүк, радиациялык, химиялык, биологиялык (бактериологиялык), сейсмикалык жана гидрометеорологиялык кырдаалда;

2) күчөтүлгөн даярдык режими - өндүрүштүк, радиациялык, химиялык, биологиялык (бактериологиялык), сейсмикалык жана гидрометеорологиялык кырдаал начарлаганда же өзгөчө кырдаалдын келип чыгуу мүмкүндүгү тууралуу божомол алынганда;

3) өзгөчө кырдаал режими - өзгөчө кырдаал пайда болгондо жана анын кесепеттерин жоюу учурунда.

Жарандык коргонуунун тынчтык жана согуш мезгилиндеги иштөө режимин киргизүү тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.

4. Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун иштөө режимин киргизүү жөнүндө чечимди болжолдонуучу же келип чыккан өзгөчө кырдаалдын мүмкүн болгон же реалдуу түзүлгөн жагдайына жана масштабына жараша төмөнкүлөр кабыл алат:

- Кыргыз Республикасынын Президенти;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;

- Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери;

- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары;

- уюмдардын жетекчилери.

Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун бардык деңгээлдерде иштөөсүнүн тиешелүү режимдерин киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алууда төмөнкүлөр эске алынууга тийиш:

- Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун иштөөсүнүн тиешелүү режимин киргизүү үчүн негиз болгон жагдайлар;

- иштөөнүн тиешелүү режимин киргизүүнүн зарылдыгына негиздеме;

- калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоого багытталган жүргүзүлүүчү иш-чаралардын тизмеги;

- өз ыйгарым укуктарынын чегинде Жарандык коргонуу иш-чараларын жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу мамлекеттик органдар;

- Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун иштөө режими киргизилген аймактын чек аралары;

- Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун иштөө режими киргизилген дата (жогорку даярдык же өзгөчө кырдаал) жана бул иштөө режимдерин алып салууга негиз болгон жагдайлар.

5. Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун иштөө режимдерин киргизүү жөнүндө чечим (жогорку даярдык же өзгөчө кырдаал) калкка токтоосуз түрдө кабарланат.

6. Согуш мезгилинде Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун даярдык деңгээли жана иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти - Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун начальниги тарабынан аныкталат.

(КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111787/st-4)  
Кийинки берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111787/st-51)
