# 3-берене. Жарандык коргонууну уюштуруу жана жүргүзүү принциптери

- Документ: [Жарандык коргонуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111787)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КРнын 2018-жылдын 24-майындагы № 54 "Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 27 марта 2023 года № 71 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Гражданской защите"](https://aqlex.ai/kg/doc/112554)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111787#diff=1240721..1240722>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111787/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2596/edition/1240719/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111787/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык коргонуу жөнүндө, 3-берене (27.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111787/st-3

---

1. Жарандык коргонуу ишин уюштуруу жана жүргүзүү мамлекеттин бирден бир өтө маанилүү иш-милдеттеринин бири, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун курамдык бөлүгү болуп саналат. Кыргыз Республикасында Жарандык коргонуу аймактык-тармактык принцип боюнча уюштурулат жана жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасында Жарандык коргонууну уюштуруу жана жүргүзүү Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму тарабынан жүзөгө ашырылат. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму администрациялык-аймактык бирдиктердин базасында түзүлүүчү аймактык тутумчадан, министрликтердин жана ведомстволордун базасында түзүлүүчү тармактык тутумчадан тынчтык жана согуш мезгилинде, Жарандык коргонуу жаатында атайын милдеттерди чечүү үчүн түзүлүүчү атайын тутумчалардан турат.

2. Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды пландоо жана жүзөгө ашыруу Жарандык коргонуунун башкаруу органдары тарабынан экономикалык, жаратылыш жана башка мүнөздөмөлөрдү, калктын ар кандай топторунун демографиялык, гендердик, маданий өзгөчөлүктөрүн, аймактардын өзгөчөлүктөрүн жана өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучунун даражасын эске алуу менен жүргүзүлөт.

Жарандык коргонуу боюнча иш-чаралар планы бар болгон күчтөрдүн жана каражаттардын зарыл жетиштүүлүк жана пайдалануу принциптерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат. Жарандык коргонуу боюнча иш-чаралар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана менчигин түрүнө карабастан уюмдардын күчтөрү жана каражаттары менен жүзөгө ашырылат. Кырсык тобокелдигин азайтуу боюнча иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Кырсык тобокелдигин азайтуу боюнча улуттук платформасы аркылуу жүзөгө ашырылат. Согуш мезгилинде мамлекетти Жарандык коргонууга даярдоо Жарандык коргонуунун башкаруу органдары тарабынан күн мурунтан, тынчтык мезгилинде - куралдардын, аскердик техниканын жана согуш аракеттерин жүргүзүүдө же ушул аракеттердин натыйжасында пайда болуучу коркунучтардан калкты коргонуу каражаттарынын өнүккөндүгүн эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

3. Кыргыз Республикасынын аймагында же айрым жерлеринде Жарандык коргонууну тынчтык мезгилден согуш мезгилине которуу Кыргыз Республикасынын Президенти согуш абалын жарыялаган учурдан же согуш аракеттери иш жүзүндө башталган учурдан тартып башталат.

(КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111787/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111787/st-4)
