# 21-берене. Жарандык коргонуу жаатындагы иш-чараларды каржылоо

- Документ: [Жарандык коргонуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111787)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КРнын 2018-жылдын 24-майындагы № 54 "Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 27 марта 2023 года № 71 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Гражданской защите"](https://aqlex.ai/kg/doc/112554)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111787#diff=1240721..1240722>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111787/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2596/edition/1240719/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111787/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык коргонуу жөнүндө, 21-берене (27.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111787/st-21

---

1. Жарандык коргонуу жаатындагы иш-чаралар Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан каржыланат.

2. Жарандык коргонуу жаатындагы иш-чараларды жүргүзүүгө чыгымдар республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте орду толтурулат.

Жарандык коргонуу жаатындагы иш-чараларды каржылоо мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринде жыл сайын бекитилүүчү бюджеттин каражаттарынын чегинде каралат. (КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111787/st-19)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111787/st-22)
