Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
18-берене. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу
Күчүндө · 27.03.2023 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: ЗАКОН Кыргызской Республики от 27 марта 2023 года № 71
1. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кырсык тобокелдигин азайтуу боюнча иш-чаралар алардын келип чыгуу тобокелдигин жана мүмкүн болгон зыяндарын эске алуу менен күн мурунтан жүргүзүлөт. Зарыл болгон учурда калкты эвакуациялоо жана/же коопсуз аймактарга көчүрүү жүргүзүлөт.
Калкты эвакуациялоо жана/же көчүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш-чараларды пландоо жана жүзөгө ашыруу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын башкаруу органдарына жана күчтөрүнө Жарандык коргонуу жаатында аларга жүктөлгөн функцияларга, ыйгарым укуктарга жана милдеттерге ылайык жүктөлөт.
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш-чараларды координациялоону Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
3. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге жетекчилик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан өзгөчө кырдаалдардын классификациясы менен белгиленген алардын оордук даражасына жараша өзгөчө кырдаал аймагында болгон тиешелүү уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилерине жүктөлөт.
Зарыл болгон учурда (адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирилгенде) өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча иштердин жетекчиси адамдардын жана транспорттун өзгөчө кырдаал зонасына кирүүсүн убактылуу чектейт жана ошол зонада турган уюмдардын ишин токтотот. Инженердик инфратүзүмдү, турак жайды калыбына келтирүү, айлана-чөйрөнү тазалоо, калкка социалдык-реабилитациялык жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү өзгөчө кырдаалдардын мүнөзүнө жана масштабына жараша жүргүзүлөт.
4. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 27.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111787/st-18" title="18-берене - Жарандык коргонуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>