# 15-берене. Жарандык коргонуу кызматтары

- Документ: [Жарандык коргонуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111787)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КРнын 2018-жылдын 24-майындагы № 54 "Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 27 марта 2023 года № 71 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Гражданской защите"](https://aqlex.ai/kg/doc/112554)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111787#diff=1240721..1240722>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111787/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2596/edition/1240719/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111787/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык коргонуу жөнүндө, 15-берене (27.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111787/st-15

---

1. Тынчтык жана согуш мезгилдеринде Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды аткаруу үчүн Жарандык коргонуунун республикалык, облустук, райондук жана шаардык кызматтары түзүлөт.

2. Жарандык коргонуу кызматтары төмөнкүлөргө арналган:

1) Жарандык коргонуунун инженердик-техникалык, медициналык жана башка атайын иш-чараларын аткарууга;

2) өздөрүнүн күчтөрүн жана каражаттарын даярдоого;

3) авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүдө Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн аракетин камсыз кылууга;

4) Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын чечимине ылайык атайын тапшырмаларды аткарууга.

3. Жарандык коргонуу кызматтарын түзүү жөнүндө чечимдер, алардын тизмеги жана алар жөнүндө жоболор тиешелүү деңгээлдерде өздөрүнүн ыйгарым укуктарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдардын жетекчилери тарабынан кабыл алынат.

(КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111787/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111787/st-16)
