# 13-берене. Жарандык коргонуунун башкаруу органдары

- Документ: [Жарандык коргонуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111787)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КРнын 2018-жылдын 24-майындагы № 54 "Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 27 марта 2023 года № 71 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Гражданской защите"](https://aqlex.ai/kg/doc/112554)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111787#diff=1240721..1240722>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111787/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2596/edition/1240719/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111787/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык коргонуу жөнүндө, 13-берене (27.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111787/st-13

---

1. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму үч: республикалык, аймактык жана объекттик деңгээлден турат.

2. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумуна жетекчилик кылуу төмөнкүдөй жүзөгө ашырат:

1) республикалык деңгээлде - Кыргыз Республикасынын Президенти - Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун начальниги. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун начальнигинин биринчи орун басары болуп саналат. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун начальнигинин орун басары болуп саналат;

2) аймактык деңгээлде - Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары - өз аймактарындагы Жарандык коргонуунун начальниктери. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери аймактык деңгээлдеги Жарандык коргонуунун начальниктеринин орун басарлары болуп саналат;

3) объекттик деңгээлде - уюмдардын жетекчилери - Жарандык коргонуунун начальниктери;

4) тармактык чакан тутумдарда - аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилери - Жарандык коргонуунун начальниктери.

3. Жарандык коргонуунун башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) республикалык деңгээлде - Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ошондой эле аткаруу бийлигинин борбордук органдарынын Жарандык коргонуу бөлүмдөрү (кызматкерлери);

2) аймактык деңгээлде - Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү, ошондой эле областтардагы, шаарлардагы аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Жарандык коргонуу бөлүмдөрү (кызматкерлери);

3) объекттик деңгээлде (уюмдарда) - уюмдун жетекчисине түздөн-түз баш ийген, Жарандык коргонуу жаатындагы милдеттерди чечүүгө атайын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөр (айрым кызматкерлер).

Жарандык коргонуунун тармактык тутумчаларында ушул сыяктуу башкаруу органдары менчигинин түрүнө карабастан жетекчинин чечими менен түзүлөт. (КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111787/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111787/st-14)
