# 12-берене. Кыргыз Республикасынын калкынын Жарандык коргонуу жаатындагы укуктары жана милдеттери

- Документ: [Жарандык коргонуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111787)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КРнын 2018-жылдын 24-майындагы № 54 "Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 27 марта 2023 года № 71 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Гражданской защите"](https://aqlex.ai/kg/doc/112554)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111787#diff=1240721..1240722>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111787/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2596/edition/1240719/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111787/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык коргонуу жөнүндө, 12-берене (27.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111787/st-12

---

1. Кыргыз Республикасынын калкы төмөнкүдөй укуктарга ээ:

1) өзгөчө кырдаал келип чыккан учурда өмүрүн, саламаттыгын жана жеке мүлкүн сактоого;

2) өзгөчө кырдаалдар зоналарында жүргөн учурда акысыз медициналык тейленүүгө жана дарыланууга;

3) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын Жарандык коргонуу иш-чараларын аткарууга багытталган мүлкүн пайдаланууга;

4) ыктыярдуу (коомдук) куткаруучу түзүлүштөрүнүн курамына кирүүгө;

5) Кыргыз Республикасынын аймагындагы белгилүү бир жерлерде калктын кабылышы мүмкүн болгон тобокелдиктер жана зарыл коопсуздук чаралары жөнүндө маалымдалууга;

6) Жарандык коргонуу иш-чараларына катышууга.

2. Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга түздөн-түз катышкан калкка өзгөчө кырдаал зоналарындагы жумуштары үчүн компенсацияларды жана жеңилдиктерди алууга белгиленген тартипте укук берилет.

Кыргыз Республикасынын калкына компенсацияларды жана жеңилдиктерди берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

3. Кыргыз Республикасынын калкы төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) өзгөчө кырдаал коркунучунун учурунда өзүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча күн мурунтан чара көрүүгө;

2) күндөлүк иште коопсуздук чараларын сактоого, өзгөчө кырдаалдын келип чыгышына алып келүүчү бузууларга жол бербөөгө;

3) калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдан коргоо ыкмаларын, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү ыктарын, коргонуунун жамааттык жана жеке каражаттарын пайдалануу эрежелерин үйрөнүүгө;

4) өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда жана кесепеттерин жоюуда мамлекеттик бийлик органдарына жана уюмдарга көмөк көрсөтүүгө;

5) Жарандык коргонуунун тиешелүү башкаруу органдарына өзгөчө кырдаалдардын коркунучу же келип чыгышы тууралуу маалымдоого.

(КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111787/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111787/st-13)
