# 11-берене. Жарандык коргонуу жаатындагы уюмдардын милдеттери

- Документ: [Жарандык коргонуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111787)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КРнын 2018-жылдын 24-майындагы № 54 "Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 54
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 27 марта 2023 года № 71 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Гражданской защите"](https://aqlex.ai/kg/doc/112554)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111787#diff=1240721..1240722>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111787/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2596/edition/1240719/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111787/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык коргонуу жөнүндө, 11-берене (27.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111787/st-11

---

Уюмдар өздөрүнүн объекттеринде:

1) өзүнүн штатында Жарандык коргонуу боюнча адистин кызмат ордун кармайт;

1-1) Жарандык коргонуу боюнча комиссияларды, эвакуациялык комиссияларды түзөт жана алардын ишин координациялайт;

2) Жарандык коргонуу түзүлүштөрүн жана аларды Жарандык коргонуу иш-чараларын жүргүзүүгө даярдыкта кармап турат;

3) тынчтык жана согуш мезгилинде Жарандык коргонуу пландарын иштеп чыгат жана ишке ашырат;

4) түпкүлүгү кооптуу объекттерде кырсыктарга мониторинг жүргүзүү, аларды божомолдоо жана тобокелдигине баа берүү боюнча иш-чараларды жүргүзөт;

5) тынчтык жана согуш мезгилинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, уюмдун туруктуу иштеши боюнча иш-чараларды жүргүзөт;

6) тынчтык жана согуш мезгилинде өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракетте өзүнүн кызматчыларына коргонуу ыкмаларын үйрөтүүнү жүзөгө ашырат;

7) өзгөчө кырдаал келип чыккан учурга карата кабарлоо тутумун түзөт жана алардын туруктуу иштешин камсыз кылат;

8) материалдык-техникалык, азык-түлүк, медициналык, жеке жана жамааттык коргонуу каражаттарынын запастарын түзөт;

9) түпкүлүгү кооптуу объекттерде өзгөчө кырдаалдын жайылуусунун эсептик зонасында жашаган персоналды жана калкты жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылат;

10) өзгөчө кырдаал коркунучу жана анын келип чыгышы тууралуу Жарандык коргонуунун башкаруу органдарына жана калкка токтоосуз маалымдайт;

11) өзүнүн объекттеринин аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрөт;

12) зарыл болгон учурда Жарандык коргонуунун башкаруу органынын чечими боюнча менчигинде болгон объекттерди, аймактарды, транспорт каражаттарын, шаймандарды жана жабдууну калкты жана аймакты өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча милдеттерди аткаруу үчүн берет.

Калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо үчүн берилген мүлккө жана аймактарга зыян келтирилген учурда менчик ээсине келтирилген зыяндын орду толтурулат. Объекттерди, аймактарды, транспорт каражаттарын пайдалануу тартиби жана менчик ээсине келтирилген зыяндын ордун толтуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2023-жылдын 27-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111787/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111787/st-12)
