# 1-статья

- Документ: [Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111786)
- Толук аталышы: КРнын 2018-жылдын 22-майындагы № 53 "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 августа 2025 года № 188 "О средствах массовой информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111786/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-15058/edition/875736/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111786/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-статья (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111786/st-1

---

"Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Свободные горы" гезити, 1992-жылдын 4-августу, № 99) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статьяда:

а) 1-бөлүгүндө "теле көрсөтүү жана радио уктуруу" деген сөздөр "телерадиоканалдар" деген сөзгө алмаштырылсын;

б) 4-бөлүгүндө "телеканалды, радиоканалды берүү (телекөрсөтүү, радио берүү), тиешелүүлүгүнө жараша телеканалдын, радиоканалдын курамында телепрограмманы, радиопрограмманы берүү" деген сөздөр "телерадио берүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 5-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Телерадио уюмдарынын массалык маалымат каражаттары Кыргыз Республикасынын граждандарына жана (же) телерадио берүүнү жүзөгө ашыруучу массалык маалымат каражаттарына ээлик кылган юридикалык жактын уставдык капиталындагы акцияларынын (үлүштөрүнүн) кеминде 65 пайызына чет элдик катышуусу жок юридикалык жактарга таандык болгон учурда гана түзүлүшү жана өз ишин жүзөгө ашырылышы мүмкүн.";

3) 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6-статья. Массалык маалымат каражаттарын каттоо Массалык маалымат каражаттарын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо (мындан ары - каттоо) массалык маалымат каражаттарын түзүү, кайра каттоо жана ишинин токтотулушу жөнүндө маалыматтарды массалык маалымат каражаттарынын мамлекеттик реестрине киргизүү аркылуу 10 жумушчу күндүн ичинде жүзөгө ашырылат. Массалык маалымат каражаттарын каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Массалык маалымат каражаттарын жайылтууга ал катталгандан кийин жол берилет. Массалык маалымат каражаттарын каттоодон негизсиз баш тартуу же аны кечиктирүү административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарга ылайык даттанылышы мүмкүн.".

4) 7-статья күчүн жоготту деп таанылсын.

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111786/st-2)
