# КРнын 2018-жылдын 22-майындагы № 52 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КРнын 2018-жылдын 22-майындагы № 52 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111785>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-15057/edition/875656/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111785.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КРнын 2018-жылдын 22-майындагы № 52 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (22.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111785

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2018-жылдын 22-майы № 52 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2018-жылдын 19-апрелинде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111785/st-1)

"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 3, 123-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 7-статьяда:

а) 2-бөлүгүнүн он төртүнчү абзацында "(акциялардын пакетине)" деген сөздөр алып салынсын;

б) 4 жана 5-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;

в) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү тартиби мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111785/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жээнбеков
