# 8-берене. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү боюнча конкурс жарыялоо жана аны өткөрүүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтарды жарыялоо

- Документ: [Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111784)
- Толук аталышы: КРнын 2018-жылдын 22-майы № 51 "Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 51
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111784/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2595/edition/874163/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111784/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө, 8-берене (22.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111784/st-8

---

1. Өтө турган конкурс жөнүндө маалымат мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү боюнча конкурс өткөрүлүүчү белгиленген датага чейин, отуз календардык күндөн кем эмес мөөнөттө, ал эми стратегиялык объекттер үчүн - конкурсту өткөрүү датасына чейинки токсон календардык күндөн кем эмес мөөнөттө жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.

2. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүдө маалыматтык билдирүү формасында жарыяланууга тийиш болгон маалыматтардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

3. Төмөнкүдөй маалыматтар милдеттүү жарыяланууга тийиш:

1) объекттин (мамлекеттик мүлктүн) аталышы;

2) конкурсту өткөрүү датасы;

3) мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу мөөнөттөрү.

4. Конкурс өткөрүүнүн натыйжалары, анын ичинде ишенимдүү башкаруучу менен түзүлгөн ишенимдүү башкаруунун келишими жөнүндө маалыматтар конкурс өткөрүлгөн датадан тартып он күндөн кечиктирилбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жана ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) расмий сайтында жарыяланууга тийиш.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111784/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111784/st-9)
